Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Беш-Көрүк  жалпы орто билим берүүчү мектеби Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Москва районунун Беш-Көрүк  айылында жайгашкан. Мектеп муниципалдык бюджетте, жергиликтүү башкаруу органы Александровка айыл аймагына караштуу. 1928-жылыБеш-Көрүк  айылында  толук эмес 8 жылдык мектеп болуп ачылган.. 1980-жылы 2 кабаттуу жаңы мектеп салынган. Мектепте  кыргыз  тилинде окуу жүргүзүлөт.2019-жылы мектеп Беш-Көрүк жалпы орто Билим берүүчү мектеби макамын алган.
Мектеп 190 окуучу орунга эсептелген.10 классттык бөлмө, китепкана, мугалимдердин бөлмөсү,  компьютердик бөлмө, директордун, окуу завучунун бөлмөсү, спорт аянтчасы,спорт зал, актовый зал, ашкана жана фойе бар. Учурда 13 класс комплект бар, 263 окуучу окуп жатат. Мектеп типтүү проект менен салынган жана эки кабаттуу. Жалпы аянты 1115.2 чарчы м.кв. Мектепти жылытуу үчүн электр энергиясы колдонулат. Мектептин жетекчиси Ибраева Миргул Боогачиевна, мектеп жамаатында 16 мугалим эмгектенет.  Беш-Көрүк  жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык жамааты мектептин окуу процессин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынын, Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнүн жана мектептин Уставынын негизинде иш жүргүзүлүп келет